• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Канатбек Исаевдин апасы каза болду

5 Теке 20209:42 Бишкек Govori.TV

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы дүйнө салды. Бул тууралуу партия өкүлдөрү кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Асымбүбү Ташыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-июль күнү саат 10.00до Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында өтөт.

Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы, 12-майда Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган. Мугалимдик кесипти аркалап, физика-математика сабагынан балдарга билим берген.

Асымбүбү Ташыбаева “Баатыр эне” ордени менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. 

Количество просмотров: 388