Кант диабети менен ооруган бейтаптар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Эндокринологиялык борбордун директору Н. Добрынина билдирди.
Анын айтымында, кант диабетинин 1- жана 2-тиби менен ооруган бейтаптар, башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң.
«Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өнүгүү тобокелдигин күчөткөн, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү жана башка факторлор менен байланыштуу», — дейт ал.
Эмдөөдөн мурда даарыгердин кароосунан өтүп, анын макулдугун алуу керек.
Саламаттык сактоо жаатындагы дүйнөлүк эксперттер, кант диабетинин 1-жана 2-тиби менен жана башка сейрек кездешкен түрлөрү менен ооруган бейтаптарга, каршы көрсөтмөлөрду жана эскертүүлөрдү эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү керек деп белгилешет: