• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого 600 млн сом бөлүндү

9 Чын куран 202312:44 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2023-жылдын эсебинен кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн 600 млн сом бөлгөнүн маалымдады.

Бөлүнгөн акча дары-дармек, керектүү каражат, иммуносупрессор сыяктуу керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Маалым болгондой, ушул жылдын биринчи кварталында бирдиктүү төлөө тутумуна кирген саламаттыкты сактоо уюмдары жалпы 5 млрд 150 млн 393 миң сом, анын ичинде дары-дармек үчүн 448 млн 950 миң сом каржы алышкан.

Количество просмотров: 146