• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кантта легионер футболчу ур-токмокко алынды

21 Бугу 2018 8:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21. 05. 2018. Govori.TV
Кечээ, 20-майда Кант шаарында “Алга” жана “Алай” футболдук командаларынын оюнунан кийин чыр чыгып, чет элден келип, кыргызстандык командаларда ойноп жаткан футболист ур-токмокко алынган. Бул тууралуу Turmush сайты жазып чыкты.
Андагы кабарга карасак, оюн аягына чыккандан кийин стадиондогу тарапташтар  оюнчулар менен кайым айтышып, чыр чыккан. “Оюн абдан курч мүнөздө, одоно күч колдонуулар менен өтүп, кызыл карточкалар бир нече жолу көтөрүлгөн. Оюн аягында “Алай” футболдук командачысы Алиа Силла эс алуу бөлмөсүнө бет алган кезде ага бейтааныш адам кез келип, ортодо уруш чыккан. Футболчулар менен сүрөөнчүлөр аралашып, басылган урушта аталган футболчу жеңил жаракат алганын көрүүгө болот”,-деп жазат аталган басылма.
Эске сала кетсек, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Количество просмотров: 15