• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Канттагы авиабаза»Урал» аталышындагы 13 армиялык жүк ташуучу унаа менен толукталды

31 Үчтүн айы 2020 13:26 Бишкек Govori.TV

Кант шаарында жайгашкан Орусиянын аскерий авиабазасы «Урал» аталышындагы 13 армиялык жүк ташуучу унаа менен толукталды. Автоунаа кузовунда кең калибрдүү пулеметтун болушу менен айырмаланып турат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинин борбордук аскер чөлкөмүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган унаалар террорчулукка каршы аракеттерде колдонулат.

«Жүк ташуучу унаа бир эле убакта ок менен сыныктардан жеке бөлүктү жана кыймылдаткычты коргой алат. Ошондой эле жогорку мобилдүүлүккө ээ. Жүргүнчү отурган жеринде, тагыраагы, кузовунда ок чыгарганга ылайыкталган жери бар. Андан тышкары, кичи калибрлүү зениттик пулеметторду орнотуу үчүн айланып туруучу жабдык коюлган»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, базанын карамагында Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.

Количество просмотров: 117