Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарынын жаңы мэри Баатырбек Жантаев анын бир тууган бөлөсү экенин ырастады.
Ал 14-июлда Жантаевди эмгек жамаатка тааныштырып жатып, жакын тууганын бул кызматка президент Садыр Жапаров дайындаганын айтты. Анын ишин өзү жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.
«Мамлекетибизде жашыра турган эч нерсе жок. Бул жигит менин бөлөм болот. Бул жерге келип иштейин деген деле ою жок эле. Биз президентибиз койгон тапшырмага ылайык урматтуу президентибиздин сөзүн эч качан талкуулабайбыз. Туура эмес иштесе жоопко тартылат. Эч кандай тууган-билиш деген болбойт. Мен муну жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам, президентибиз ушундай тапшырма койду», — деди Туманбаев.
Мунун алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жантаевди Туманбаевдин «шакирти» деп атаган жана аны тажрыйбасы мол, иш билги кадр катары мүнөздөгөн.