• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каныбек Осмоналиев: «Маалымат айдыңында катаклизм келатат»

20 Бештин айы 2017 16:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.17.Govori.TV

Коомдук мамлекеттик ишмер, Каныбек Осмоналиев кийинки убактарда кыргыз коомчулугу, айрыкча массалык маалымат каражаттарынын демократияга болгон  ачык-айкындуулугу боюнча көйгөй маселелер жаралып жаткандыгын айтты.

«Оппозициялык саясат болгондон кийин, анын массалык маалымат каражаттары болуш керек. Кийинки учурларда айрыкча телеканалдарга коркунуч туудуруп жатат. Мисалы, «Пирамида»  жана 5-каналдарынын   жетекчилиги алмашууда. Ал эми «Сентябрь» телеканалын мыйзамды бузуп эле жаап коюшту. Ага жооп берген деле эч ким жок»-дейт Осмоналиев.

Ошондой эле учурда кезек НТС телеканалына  келгенин айтып, бул коркунучтуу тенденция экендигин кошумчалады.

— «Бийлик  баардык  ММКларды Өкмөттү,  бийликти мактай турган каналга айландырып алабыз дей турган болушса, анда алар терең жаңылышат. Ал эми  анын жазасын, сазайын бийлик өзү көрүп калышы мүмкүн. Себеби, бул абдан коркунучтуу тенденция. Ошондой эле  мамлекет жеке ММКларды тартып алып, жаап коюу менен булар бир чоң катаклизмге кетип бара жатат»-деди Каныбек Осмоналиев.

 

Количество просмотров: 28