• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Канышай Рысбекова: Чыгармачылыгымды бир гана жолдошум эмес анын үй-бүлөсү дагы колдойт

15 Бештин айы 2017 15:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.12.2017. Govori.TV. Акылай Маратова

НТС телеканалынын “Таң Шоола” берүүсүнүн алып баруучусу, журналист Канышай Рысбекова ноябрь айында көлдүк Нурлан аттуу жигитке турмушка чыкты. Канышай менен байланышканыбызда алгачкы келин болуп барган күндөрүнөн төмөндөгүлөргө токтолду.

-Канышай куш бооң бек болсун! “Келиндин келген күнү эстен кетпейт” дегендей. Алгачкы келин болуп барган күнүң кандай болду?

Рахмат. Чынында быйыл турмушка чыгам деген оюм деле жок болчу. Күтүлбөгөн жерден жолдошум  сунуш киргизип мен макул болдум. Албетте, алгачкы келин болуп, ак жоолук салынган күнүң эстен кетпей калат экен. Менин таң калганым быйыл  кайын журтум күзүндө эки келин алышкандыктан, мени атайын кыргыздын салты менен эшиктен эмес терезеден киргизишти. Келин болуп барган алгачкы күндөрү кыйналып көнө албай, кичине кыйналып  жүрдүм. Бирок, үйдөгү кайын эне, кайын атамдын жана жолдошумдун мени түшүнүп колдошкону менен көнүшүп кеттим десем болот.

-Канчанчы келин болдуң?

Үйдүн экинчи келини болдум. Азыркы учурда жолдошумдун ата-энеси менен  чогуу жашап жатабыз.

-Жолдошуң туурасында айтсаң?

Жолдошумдун аты Нурлан. 1988- жылкы болот.  Өзүнүн   түбү Көлдүк бирок, Бишкекте туулуп бул жакта чоңойгон. Учурда өзүнүн бизнеси менен алектенет.

-Жолдошуң менен канча убакыт сүйлөштүң?

Жолдошум менен таанышканыма аз эле убакыт болду. Ал мени эфирден анан  социалдык тармактар  аркылуу көрүп жүрчү экен. Бир ай бою мага белектерин  курьер аркылуу берип жүрүп андан кийин гана жолугушууга чакырган. Ал эми экөөбүз кыз-жигит болуп төрт ай сүйлөштүк.

-Нурландын сага кайсы сапаты жакты?

Азыркы заманда баардыгы тили менен көп нерсени айтып чоң  жумуштарды бүтүрүшөт эмеспи. Бирок, иш жүзүнө келгенде анын бир пайызы да аткарылбайт. Мага Нурландын жоопкерчиликтүү сапаты жакты.  Мындан сырткары аябай тырышчаактыгы, эмгекчилдиги мени өзүнө арбап алды.

-Турмушка чыккандан кийин жолдошуң чыгармачылыгыңа кандай көз карашта болуп жатат?

Менин чыгармачылыгымды бир гана жолдошум эмес анын үй-бүлөсү дагы колдойт. Мен турмушка чыктым деп эле чыгармачылыгымды үзгүлтүккө учуратып коюшум мүмкүн эмес. Учурда жаңы долбоор, проектер менен иштеп жатам. Алып баруучулуктан сырткары мектепте кыргыз тилден сабак берем.

— Канышай маегиңе рахмат. Бактылуу бол! Дагы чыгармачылык ийгиликтерди жарата бер!

Сиздерге да рахмат.  Govori.TV сайты өлкөдөгү  маалыматтарды ыкчам жеткирген сайттардын катарын толуктап жүрө бериңиздер.

 

 

 

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 144