• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каптагаев: Акаевдин, Бакиевдин үй бүлөөлүк башкаруусу азыр да кайталанып жатат

24 Жетинин айы 2018 11:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.11.2018.Govori.TV.

Бишкекте коомдук-саясий күчтөрдүн курултайында Эмильбек Каптагаев өткөн учурга саресеп салды.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берүү үчүн Жогорку Кеңеште атайын мамлекеттик комиссия түзүп, укуктук баа берүү зарыл.
Анын айтымында мурунку эки революция азыр да толук максатына жете элек. Анткени Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин үй бүлөөлүк башкаруусу азыр да кайталанып жатат. Алмазбек Атамбаевдин учурунда, мамлекеттеги узурпацияны жараткан жагдай пайда болду. Өлкөнү парламент башкарышы керек эле. А бирок бардык бийлик бутактарында мындай болбой жатат.
«Атамбаев өз эрки менен бийликти өткөрүп берди деп көкөлөтүү туура эмес. Анткени бийликти тынч жана өз эрки менен өткөрүп берүүсүнүн артында чоң сыр жаткан экен. Ал ушундай жол менен өзүнө баш ийген, өйдө карап сүйлөбөгөн, айтканынан чыкпаган кишини бийликти толук өзүнө өткөрүп алуу болгон экен. Анын каалоосу боюнча бардык маселе Кой-Ташта чечилип турмак экен. Маселе чечилүүсүн каалагандар Арашанда бойлоп күтмөк экен дейт. А бирок Жээнбеков мындай кадамдарга жооп айткандан кийинки Атамбаевдин аракетинен ачык эле көрүнүп турбайбы»,- дейт Каптагаев.
Количество просмотров: 40