Жүрүп жаткан издөө иштеринин натыйжасында ӨКМ куткаруучулары тарабынан кар көчкү басып калган 59 жаштагы Д.А. аттуу адамдын денеси бүгүн, 18-февралда табылып, кар алдынан чыгарылды.
ӨКМ билдиргендей, министрдин буйругу менен издөө ишине бүгүн жалпы 70 адам жана атайын издөө шаймандары тартылган.
Эске салсак, 12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол убактан тарта издөө иши тынымсыз улантылып келген.