Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, «Сосновка» постунда унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:30дар чамасында Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн (Шаркыратма тилкеси).
«Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Тиешелүү кызматтын кызматкерлери буга чейин кар көчкү түшкөн 231-чакырымдагы көчкүнү тазалап бүтүп, унаа жолдун 223-чакырымына барышат. Жерине №23 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылган», — деп айтылат маалыматта.
Кар көчкүгө байланыштуу «Арал» жана «Сосновка» постторунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.