• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

19 Үчтүн айы 20269:22 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарынын Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Унаа жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 104