• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кар күрткүдө калган жарандар «Чапчыма» станциясына жайгаштырылды

17 Бирдин айы 202410:21 Бишкек Govori.TV

Кар күрткүдө калган жарандар «Чапчыма» станциясына жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун болжол менен 79-80 чакырым аралыгында кар күрткү пайда болуп, Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү 2 унаа (болжол менен 20 жүргүнчүсү менен) жана 1 жеңил унаа жолдо калып калгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жалпы 21 жаран үчүн ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынынын «Чапчыма» кар көчкү станциясында 2 бөлмө даярдалып, тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган. Абалдары туруктуу. Учурда станцияда 9 жаран түнөп калышты. Калган 12 жаран жолун улантышкан.

Ал эми унаа жолго кар көчкү түшүү кооптуулугу болгондугуна байланыштуу Чаткал РМАнын башчысы-акимдин 2024-жылдын 16-февралындагы буйругунун негизинде, аба ырайы турукташканга чейин саат 09:30дан тартып жол каттамы толук жабылган.

34-101-чакырымдарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулган.

Жолду тазалоо иши аба ырайы турукташкандан кийин №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан улантылат.

Количество просмотров: 425