• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу жабылды

11 Чын куран 202312:09 Бишкек Govori.TV

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болгон.

«Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам берилет. Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда карды тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1463