• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кара-Балта жакта «Lexus» 6 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бала ооруканада көз жумду

15 Кулжа 20250:01 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунда, Кара-Балта шаарынын жанында «Lexus» үлгүсүндөгү жол тандабас 6 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, жол кырсыгы 13-июнда болгон. 29 жаштагы Р.Б. аттуу жаран «Lexus 300» маркасындагы автомашинаны айдап, Ак-Башат айылына 6 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексиндеги «автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» кылмышынын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө: жабыркаган баланын мыйзамдуу өкүлдөрүн суракка алуу, айдоочулук күбөлүгүнүн бар экендигин, документтердин шайкештигин жана унаанын техникалык абалын текшерүү.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин көзөмөлгө алды

Количество просмотров: 867