• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек–Кара-Балта жолундагы мыйзамсыз соода жайлар алынды

20 Бирдин айы 202614:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун Москва районунун аймагындагы мыйзамсыз деп табылган 12 убактылуу соода жайы жана жеңил типтеги курулуш объекттери демонтаждалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Буга чейин объекттердин ээлерине ээлеген аймакты иретке келтирүү жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгиленгендей, Чүй облусунун аймагындагы объекттердеги иштин жүрүшүн жана сапатын көзөмөлдөө иштери мындан ары да туруктуу негизде улантылат.

Количество просмотров: 149