Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында «Toyota Estima» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа жолдун жээгинде турган. Учурда өрттүн себеби такталууда.
ӨКМ ошондой эле Жайыл районунун Новониколаевка айылында дагы турак үйдөн өрт чыкканын кабарлады. Анда жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.