«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын бардык аймактарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Кара-Кече кенинде көмүр күнү-түнү казылып жатканын билдирди.
Ишкананын Фейсбуктагы баракчасында күн сайын аталган кенден 8-9 миң тонна көмүр жүктөлүп, социалдык отун базаларына жиберилип жатканы маалымдалды.
«Аймактардагы жана Бишкектеги социалдык отун базаларга күн сайын 300-400 жүк ташуучу унаа менен көмүр ташылууда. Бизге келген унааларга колуна талон алгандан тартып бир сутканын ичинде көмүр жүктөп, аймактарга жиберип жатабыз», — деп билдирди ишкананын өкүлү.