• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кара-Кечеде ок атылды. «Кыргызкөмүр» ишканасы акыркы абал тууралуу билдирүү тартты

23 Бештин айы 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган. «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кара-Кечеде абал тынч, жумуш штаттык режимде жүрүп жатат.

«Бул окуя бир нече күн мурун болгон. Маалыматтар боюнча, «Альфанын» кызматкерлери менен айдоочуларды уруштуруу максатта үчүнчү күчтөр чагымчылдык аракеттерди жасашкан. Деталдуу түрдө маалыматтарды алуу үчүн УКМКнын маалымат кызматынан алсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 136