Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.
Министрдин орун басарынын айтымында, Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатат. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.
“Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз”, — деди Байгазиев.
Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат. Кара-Кеченин көмүрүнүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет.