• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кара-Кечеден канча көмүр казылып алынды?

30 Үчтүн айы 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр казып алынуучу жерлерге ММК өкүлдөрү үчүн атайы пресс-тур уюштурулуп, жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берилди. ММКнын кызматкерлери Кара-Кече, Шарбон, Демилге, Ак-Жол, Мин-Куш кесиминде “Агулак” ишканасынын аткарып жаткан иши менен кенен таанышты.

Кара-Кече филиалынын башкы инженери Таалайбек Ашитов бул мезгилде канча көмүр казылып алынганы тууралу маалымат берди.

«Көмүр берүү 1-августта башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 420 миң тонна көмүр казылып алынган. Анын ичинен болжол менен 420 миң тонна майда көмүрдү ЖЭБге бердик, ал эми 1 миллиону элге берилди. Азыркы вахтада 193 киши иштеп жатат, алардын 100ү мамлекеттик ишкананын ал эми калганы тендер аркылуу келип ижарадагы адамдар… Бир күндө эң азы 200дөн 350гө чейин унаалар чыгып жатат. Анын ичинен мына кече 180дейи тандалган көмүр кетти, 135и болсо ЖЭБге кетирдик», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 117