• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Суу райондук администрациясынын башкы эсепчиси кармалды

12 Бештин айы 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы эсепчиси пара менен кармалды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 45 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери А.А.И. пара менен кармалды.

Кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“опузалап пара алуу”) негизинде кылмыш иши козголду. Атайын иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.А.И. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан да аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 106