• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Суудагы мамлекеттин жер тилкелерин, объекттерин сатууга шектелген жаран Орусияда кармалды

7 Баш оона 202514:29 Бишкек Govori.TV

Кара-Суудагы мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерди, объекттерди саткан деп шектелген жаран Орусия Федерациясынын аймагынан кармалды

Ички иштер министрлигинин Кара-Суу районундагы мамлекеттин карамагындагы жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактыны аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, жаран М.С. 2014-жылдан азыркы күнгө чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен биргеликте кандайдыр-бир материалдык кызыкчылыктарды алуу максатын көздөшүп, кылмыштуу пландарын негиздешкен.

Алынган маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөндөр мамлекетке тиешелүү болгон калктын социалдык керектелүүчү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерин мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Жаран М.С.га айыбы сырттан угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен бул кылмыш ишине катыштыгы бар тараптарды аныктап, алардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Айыпталуучу М.С. Орусия Федерациясынын аймагынан кармалган. Бүгүн, ал 7-августта Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинди.

Белгилеп кетсек, айыпталуучу мурда соттолгон жана башка кылмыш иштерди жасаганы үчүн шектелүүдө.

Количество просмотров: 215