Кара-Сууда айылдашын темир менен башка чапкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
2023-жылдын 30-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Төлөйкөн айыл аймагынын 1995-жылы туулган Т.А. аттуу тургунун ушул эле айылдын тургуну темир менен башына уруп, жараат келтиргендиги тууралуу маалымат катталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуяга тиешеси бар атуулдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.
Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам аракеттери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган К. уулу К. жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо боюнча ыкчам тергөө аракеттери уланууда.