• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен наристенин сөөгү табылды

28 Аяк оона 2021 14:11 Бишкек Govori.TV


Кара-Суу районунда каналга түшүп кеткен ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы келин эки кызы менен түшүп кеткен. Кыздардын бири үч жашта, кичүүсү бир жашта болгон. Жергиликтүү эл келин менен улуу кызын куткарып алышкан.

«Кичүү кызынын сөөгү бүгүн, 28-сентябрда сууга түшкөн жерден 1,5 чакырым аралыкта табылды. Издөө ишине ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү элдин өкүлдөрү катышты»,-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Количество просмотров: 142