• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кара-Сууда ок атылып, 2 адам ооруканага кайрылды

28 Үчтүн айы 2023 13:35 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда ок атылып, 2 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар “Мересед-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү унаа менен келишип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн “Тайота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жараат алышкан 2 жаран ооруканага барып кайрылышкан. 2023-жылдын 27-январь күнү саат 22:11 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы М.А. ич тарабынан жана 21 жаштагы Т.А. бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январь күнү саат 23:21 чамасында “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган.

Учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 152