• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кара-Сууда соодагерлер митингге чыгышты

28 Теке 2022 14:32 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Датка» базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, акцияга чыккандар жакында орундар үчүн кымбаттатылган ижара акысына нааразы болушууда. Эми алар айына 1200 АКШ долларынан төлөй башташмакчы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, милиция кызматкерлери жеринде окуяга көзөмөл жүргүзүшүүдө. Араздашууну жөнгө салууга облустук бийликтин өкүлдөрү аракет жасоодо.

Кара-Суу районунда бир нече соода базар бар. Райондогу базар Борбор Азиядагы ири базарлардын бири.

Быйыл 2-мартта Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын соодагерлери директор Нурбек Эргешовдун иштен кетишин талап кылып митинг өткөрүшкөн. Алар базар жетекчисинин товар сактоочу жайлардын ордуна жаңы соода түйүндөрүн ачууну, базарга аты берилген Туратали Үсөн уулунун эстелигин жылдырууну пландап жатканын айтып, нааразычылык билдиришкен.

Нурбек Эргешов эстелик жылдырылбай турганын айткан. Ал базардын документтеги аянты 12 гектар экенин, бирок азыр 3 гектар гана жери калганын кошумчалаган.

«Туратали» базары 1994-жылы негизделген. 2008-жылы мамлекетке өткөрүлгөн. Базарда 1400дөн ашуун соода оруну бар.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 166