Кара-Суу районунда автоунааны айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын жашоочусу К.Н. аттуу жаран ага таандык болгон “Daewoo matiz” үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
«Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы Ж. уулу А. аттуу жаран экендиги аныкталып, 2022-жылдын 14-мартында Баткен облусунун аймагынан кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Тергөө амалдары уланууда.