• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кара жума» же «арзан жуманын» тарыхы

24 Жетинин айы 201814:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.11.2018. Govori.TV
Дүйнөнүн бир топ шаарларында жана ошону менен катар Кыргызстанда да кечээ, 23-ноябрь күнү соода түйүндөрдүн көпчүлүгүндө «кара жума» майрамын белгилешти.
Бул АКШда XIX-кылымдын аягынан баштап эле майрамдалып келет. Ал эми «кара жума» термини 1966-жылы пайда болгон.
Бул майрамда соода борборлорунда болуп көрбөгөндөй арзандатуулар болуп, сатуу түйүндөрү адаттагыдан эртте ачылып кеч жабылат.
Эске салсак, АКШнын чыгыш тарабынын убактысы боюнча Black Friday башталган 23-ноябрь, эртең мененки саат онго карата керектөөчүлөр интернет соода аркылуу 643 миллион доллар коротушкан. Чекене соода боюнча улуттук федерация ноябрь-декабрь айларындагы майрамдык соода-сатыктын акчалай көлөмү быйыл былтыркыга салыштырмалуу 4%дан ашуунга көбөйүп, 720,8 миллиард долларга жетет деп болжолдошкон.
Булак: Барометр
Количество просмотров: 50