• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

25 Тогуздун айы 2019 9:09 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дипломатиялык кызматтардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен — Кыргыз Республикасынын дипломаттарынын күнү менен куттуктады.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Быйыл Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык мааракесин белгилейт.
Биздин өлкөнүн дипломаттары дайыма өзүнүн байсалдуу кесипкөйлүгүн жана патриоттуулугун даңктап келет. Кыргыз Республикасы кыска убакыттын ичинде бардык атрибуттары менен түптөлүп, өлкөбүз эл аралык аренада таанылды. Бул жердеги башкы эмгек атамекендик дипломатиялык корпустун эбегейсиз салымы болду. Бүгүн биздин алдыбызда өлкөну комплекстүү өнүктүрүү боюнча милдеттер турат. Бул милдеттерди ишке ашырууда дипломаттардын ролу өзгөчө маанилүү. Сиздер мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыктарын, жарандарыбыздын жана мекендештерибиздин укуктарын активдүү коргоп, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатууда орчундуу салым кошуп жатасыздар.
Быйыл Кыргыз Республикасында өткөн эл аралык масштабдагы иш-чаралардын бардыгы дипломатиялык кызматкерлердин эриш-аркак, компетенттүү эмгегинин натыйжасында ийгиликтүү камсыздалды деп ишенимдүү айта алабыз. Мындан ары дагы ишке толук кандуу берилүү менен, алдыңыздарда турган милдеттерди өз убагында сапаттуу чечүүгө жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого болгон күч-аракетиңерди жумшай турганыңыздарга терең ишенем.

Количество просмотров: 82