• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Жыгач конушунда 9 жаштагы бала асынып алды

18 Жетинин айы 202114:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда 9 жаштагы бала асынып алды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө бала өз жанын кыйганы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө эч кандай күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 515