“Кара-Жыгач” конушунда электр мамылары кулап жатканын жергиликтүү жашоочулар билдирген. Алардын айтымында, столбалар мындан 8 күн мурда эле коюлган.
Бишкек мэриясы күнөөлүүлөр жазасыз калбай турганын маалымдаган. Мамылар курулуш талаптарына жана эрежелерине ылайык орнотулганын мэриядан билдирди. Бирок аталган райондо суу көтөрүлүп, столбалар туруктуулугун жоготкон.
Подрядчылар 57 мамыны алып, эми кайрадан бир метрге тереңирээк казылып орнотулмакчы.
Курулуш иштерин аткарган “НК Групп” компаниясына айып пул салынып, алар тарабынан тургузулган шаардагы бардык мамылар текшерүүгө алынмай болду.