• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракол-Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды

16 Бирдин айы 202210:06 Бишкек Govori.TV

Каракол-Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 80-81-чакырымында 14-февраль күнү саат 12:00дөр чамасында көлөмү болжол 6000 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Тартылган техникалардын жардамында 14-февраль күнү саат 17:00дө унаа жолу бир тараптуу ачылып, 15-февраль күнү саат 16:00дө жол толугу менен тазаланып ачылган. Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 103