• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Каракол – КМШнын маданий борбору” программасынын ачылышы болду

2 Теке 2022 7:57 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын борбордук стадионунда “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын расмий ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов жана башка меймандар катышты. 

Иш-чара театралдаштырылган пролог менен башталып, андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Шаардын туулган күнүндө “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы символикалуу.

Садыр Жапаров белгилегендей, Каракол Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Бул бир гана мекендештер үчүн эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген чет элдиктер үчүн эң мыкты туристтик шаар.

Президент Каракол шаарынын «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасына кириши шаардын мындан аркы өнүгүшүнө, тынчтык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маданиятынын идеяларын жайылтууга жаңы дем берерин белгиледи.

Андан соң иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин концерттик программасы менен уланды.

Теги:
Количество просмотров: 104