• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Каракол шаарынын мэрлигине үч талапкердин аты аталууда

8 Баш оона 2018 18:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.08.2018.Govori.TV.

Каракол шаарына мэр болчу кызматка талапкерлердин арасынан, үч кишинин аты аталууда.

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Каниметов Адыл Жанкорозович, Ысык-Көл микрокредиттик агенствосунун башкы директору Калмакиев Каныбек Турсуналиевич, шардык кенештин “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын депутаты Осконбаев Сеит Садырович мэрлике ат салышы толук ыктымал.

Эскерте кетсек, шаардык кенештин депутаттары Д. Арпачиевдин 2017-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча берген маалыматы канааттандырбаганы менен түшундүрүшкөн. Д. Арпачиев 2016-жылдын, май айынын ортосунда жашыруун добуш берүү аркылдуу мэр болуп, шайланган. Жашыруун добуш берүүдө 24 добуш менен өткөн. Ал эми шайлоодогу атаандашы Кубанычбек Абдубалиев 7 добушка ээ болгон. Д. Арпачиедин талапкерлиги “Табылга” жана КСДП тарабынан коюлган.

Каракол шаардык кенешинин депутаттары, аталган шаардын мэри Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөткөнү менен, айрым себептерден улам, Д. Арпачиевди кызматынан бошотууга өкмөттө кол коюла элек.

Количество просмотров: 38