• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо банктын кеңсеси өрттөндү

2 Бирдин айы 202212:53 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө банктын кеңсесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос Кредо” банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 2 чарчы метр имараттын ичи жана бир пластик терезе күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 208