• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо карантинде балдарын бага албаган эне өмүрүн кыюуга аракет кылган

25 Чын куран 202023:30 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында 47 жаштагы жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу  Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Анын айтымында, ал аял 2 баланы багып, алардын биринин майыптыгы бар.

«Кечээ маалымат келгенден кийин мэриянын жана «Тирек» реабилитациялык борбордун кызматкерлери ал үй-бүлөгө барышкан. Ал аял көп дары ичип алып, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок аны медицина кызматкерлери куткарып калган. Ал үй-бүлөсүн бага албай жатканын айтты. Кечээ күнү мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардам алып барып берди. Ошондой эле балдарга жардам борбору да азык-түлүк түрүндө жардам беришкен. Учурда ал аял менен психологдор иштеп жатат», — деп билдирген
Каракол шаарынын вице-мэри.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу ал аял күнүмдүк оокатын таап иштеген ишинен ажыраган.

Количество просмотров: 329