• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Караколдо коронавирус табылган үйдүн эшиктери ширетилип кулпуланды дегенге мэрия жооп берди

6 Чын куран 2020 11:56 Бишкек Govori.TV

Караколдо Кирпич заводу районундагы №55 көп кабаттуу үйүнүн эшиктери ширетилип кулпуланды деген маалымат интернетте тарап, талкууга алынган. Андагы маалыматтар боюнча ал үйдө коронавируска шектелген жаран жашаган.

Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы билдирүү таратып, кечээ, 5-апрелде Каракол шаарындагы Кирпич заводу районундагы №55 көп кабаттуу үйү карантинге алынганы айтылды.

Алардын маалыматына караганда, подъезддердеги эшиктерге кулпу салуу үчүн кулакчалар ширетилген, бирок эшиктер кулпуланган эмес, ачык. Мындай иш-аракеттер обсервацияда жаткан Каракол шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Ш.М.нын соңку учурда кимдер менен байланышканын айтпай койгонунан улам көрүлгөн.

«Учурда аталган районго кирип-чыгуучу бардык жолдор жабылды. Профилактык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кирпич заводу районунда бардык көп кабаттуу үйдүн подъезддери дезинфекцияланган», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ошондой эле өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиктери ширетилип кулпуланбаганын билдирди. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Кирпич заводундагы №55 көп кабаттуу үйдүн жашоочусунан коронавирустун белгилери аныкталган.

«Бирок ал медицина кызматкерлерине байланышта болгон адамдар тууралуу маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан кечээ, 5-апрелде тургундардын коопсуздугу үчүн шаардык штабдын чечими менен №55 көп кабаттуу үйү курчоого алынган. Анын жүрүшүндө подъезддердин эшиги ширетүү жабдыгынын жардамы менен оңдолуп-түзөлгөн. Тургундардын кыймылына толук түрдө чектөө киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары жогоруда сөз болуп жаткан үйдүн эшиктери ширетилип кулпу салынганын айтышып, сүрөт, видеолорду жайгаштырышууда.

Мындан тышкары ал жакка бара турган унаа жолу да толук жабылганы тууралуу маалымат тараган.

Количество просмотров: 3092