• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Караколдо мечитте садакага чогулган акчаны уурдап кетишкен

17 Бирдин айы 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Караколдо 3 жигит Ибрагим Ажы атындагы борбордук мечитте садакага чогулган акчаны уурдап кетишкен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралда милицияга мечиттен садакага чогулган акча уурдалганы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факты облустук милицияга каттоого алынып, «Уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын тургундары 2001-жылы туулган А.А. жана Т.К, 2022-жылы туулган Т.Т.лар кармалышкан. Шектүүлөр алдын ала суракта күнөөлөрүн моюнуна алышып, келтирилген чыгымды кайтарып беришкен.

Количество просмотров: 442