• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мечиттен телефон уурдаган шектүү кармалды

3 Чын куран 202615:17 Бишкек Govori.TV

18 жаштагы жаран мечиттен телефон уурдады деп шектелип, кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгнадй, К.С. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда борбор калаадагы бир мечитте белгисиз бир адам Redmi маркасындагы уюлдук телефонун уурдап кеткендиги боюнча чара көрүүнү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 2008-жылы туулган С.А. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы эки кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 137