• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо турак үйдөн пенсионердин сөөгү табылды

18 Кулжа 202113:14 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында турак үйдөн пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында куткаруучулар Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан №84 турак үйүнүн жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1937-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 251