• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Караколдо жаңы мал базар ишке кирди

7 Теке 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Кол облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Сулайманов облус тургундары менен бирге базардын иши менен таанышып чыкты.

«Мал базарда бодо малдар үчүн жана майда жандыктар үчүн атайын үстү тосулган жайлар даярдалган. Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника, ветеринардык дарыкана дагы иштейт», — деп айтылат маалыматта.

Аянты 6 гектар жерди ээлеген мал базар алгачкы айларда элге акысыз кызмат көрсөтмөкчү.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал базарлардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген болчу.

Количество просмотров: 549