• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды. Раззаков шаарында жаңы мал базар куруу пландалууда

12 Аяк оона 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛОО: ДОБУШТАР КОЛ МЕНЕН САНАЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептѳѳ аяктаганын маалымдайт. Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар электрондук маалыматтар менен дал келген. Добуштардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле талапкер Кубанычбек Самаковго таандык. Ага 26,14%, же 5279 адам добуш берген.

Ал эми шайлоочулардын 2,83% баарына каршы добуш беришкен.

Эске сала кетсек, 10-сентябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутаттыкка мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоодо Кубанычбек Самаков алдыга чыккан. Бирок айрым талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип чыгышты.

РАЗЗАКОВДО МАЛ БАЗАР КУРУЛАТ

Баткен облусунун Раззаков шаарында жаңы мал базар куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендерди мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти жарыялаган.

Тендердин суммасы 11 млн 80 миң 148 сомду түзөт. Конкурстук арыздарды 26-сентябрга чейин берүү зарыл.

Тендерде жерди тегиздөө, тосмо куруу, скважиналарды бургулоо, электр чубалгыларын тартуу, кирүү үчүн жол салуу сыяктуу иштер камтылган.

ЧУҢКУРГА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо-1 конушунун Ю. Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 2006-жылы туулган М.Р. аттуу эркек бала чункур казып жатып, түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамы менен жабыркаган эркек баланы чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жарандын абалы канааттандырарлык.

Количество просмотров: 96