• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Караколдо жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген (сүрөт)

9 Үчтүн айы 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 4-январь күнү болжол менен саат 16.20 чамсында болгон. Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат телефон аркылуу келип түшкөн.

Аталган кабар боюнча милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда, Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33жаштагы тургуну Б.С. жарандык жолдошу Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. пикир келишпестиктен улам, бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган», — деди маалымат катчы.

На изображении может находиться: один или несколько человек и обувь
На изображении может находиться: один или несколько человек

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 39-130 беренесинин 2 бөлүгүнүн 4 пунктунун (Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми, келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары Ч.Н. аттуу жаран колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 244