• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколго 2 миң орундуу маданий борбор курулат

22 Теке 20229:12 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында 2 миң орундуу маданий борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азырынча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк борбордун болжолдуу эскиздерин талкуулап жатат.

Аянты 4 гектарды ээлеген маданий борбор Карасаев көчөсүндө жайгашат. Имарат концерттерди жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылып, ичинде жыйындар залы, китепкана, кафе жана балдар аянтчасы болору убада кылынды.

Количество просмотров: 239