КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдарына карата куугунтук жүрүп жатат деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Саясий куугунтук экс-президенттин ишенимдүү үзөңгүлөштөрүнө гана эмес, анын үй-бүлөсүнө жетти. Аскер прокуратурасы мамлекеттик органдарды Атамбаевдин уулунун ишканасын кайра-кайра текшерип турууга мажбурлоодо. Ишкердигине тоскоолдук кылуудан тышкары автокаражаты, батирлери, эсептери камакка коюлду. Эми Атамбаевдин балдарын куугунтуктоого өттүңөр. Напсиңерди качан тыясыңар?, — деди эл өкүлү.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев быйыл «Коррупция» беренеси менен айыпталып камакка алынды. Азыр ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.