IBF, WBO жана WBA боюнча жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Екатеринбургда өткөн RCC Boxing Promotions турниринин башкы беттешинде немец атаандашы Михаэль Айфертти жеңди. Ал WBA жана IBF чемпиондук курларын коргой алды.
Беттешке анын уулдары Никон менен Мирон келип, атасын колдошкону көпчүлүктүн көңулүн буруп, жылуу пикирлерди жаратты.
Белгилей кетсек, балдардын апасы Екатерина менен Дмитрий Бивол 2023-жылдын июнь айында расмий түрдө ажырашкан. Жубайлардын ажырашуусу бир катар талаш-тартыш, талкуулар менен коштолгон.
Ал эми Биволдун мурунку жубайы Екатерина Биволго кыргыздар менен казактар тууралуу жазган посттору үчүн иш козголуп, сот ага 60 саат коомдук иштерди аткаруу жазасын чегерген.