• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Карамушкинанын «антикытай» митингине тиешеси барбы?

10 Үчтүн айы 2019 16:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

7-январда Бишкекте 200дөй адамдын катышуусундагы кытайларга каршы пикирлерлер айтылган митингдин башында жогорку кеңештин депутаты Ирина Карамушкина турат деген маалымат тараган.

Бул тууралуу эл өкүлү үн катып, митинг болгон күнү Ала-Тоо аянтында эмне кылып жүргөнүн айтып берди.

Анын айтымында ал күнү Ала-Тоо аянтына барганы чын. Бирок, митингди уюштурууга эч кандай тиешеси жок экенине ишендирди.

“Мен неберелерим менен шаардык балатыны көрүүгө бара жатканмын. Мен элди көрдүм. Бирок, ал жерде митинг болуп жатканын деле байкаган эмесмин. Неберелерим менен фотосалонго кирип, андан соң үйгө кеткенмин. Ал эми митинг болуп жатканын кечинде гана билдим. Анан кайдан ал митингде акча таратканым тууралуу маалымат чыкканын билбей турам. Катышуучулардын сурап көргүлө. Алар мени көрүшүптүрбү? Далилдеп беришсин дейт”,-Карамушкина.

Карамушкинанын айтымына караганда митинге чыккандар менен учурушкан эмес. Бирок, ИИМ дин аткаминээрин жолуктурганын айтат.

“Мен ал жактан ИИМдин бир өкүлүн көрдүм. Өңү тааныш. Бирок, ким экенин так тааный албадым. ШИИБнын орун басарыбы биле албадым. Ал саламдашкан соң, бат өтүп кетти”,-деди Карамушкина.

Эске салсак, “Трибуна” деп аталган фейсбук баракчасындагы топко 7-январда Бишкекте 200дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, анда кытайларга каршы пикирлер айтылган эле. Ошол эле учурда иш-чаранын айрым катышуучулары акциянын максатын башкага буруп, түз эле президентти айыптай баштаган. Мунун себеби да кийинчерээк белгилүү болду. Көрсө “антикытай” деген ураанды жамынган бул митингди экс-президент Алмазбек Атамбаев уюштурган экен. Бул АШАнын “торпедасы” Мээрбек Мискенбаевдин ошол жерде бетин жаап жүргөнү менен тастыкталган. Мискенбаев митингде сөз сүйлөбөсө дагы, ошол митингчилерден бир аз окчунураак туруп алып, сүйлөп аткандарга баам салып, айрымдарына команда берип турганын тастыктаган фото-видеодалилдер бар экенин жазып чыккан.  

Эң кызыгы бул митингге кыргызга эзели күйбөгөн, биздин улутту шылдыңдап келген Ирина Карамушкинанын сыртынан баам салып турганы болууда. Ал митинг болуп жаткан аймактагы китепканын жанында небересин жетелеп, эс алып жүргөндөй түр көрсөтүп, айрымдарына кол жаңсап, акырын жер төлөдөгү ашканага кирип кеткенин көргөндөр бар. Ал жактан айрым катышуучуларга акча таратканы боюнча да сөздөр айтылып жатат. Мына ушул фактынын өзү эле 7-январдагы митингдин башында АША турганын дагы бир ирет далилдейт.

Атамбаев “эс алам” деген шылтоо менен 11-январда Индияга сапар тартканы турат. Бул анын жөн гана шылтоосу. Ал сырттан “антикытай” акциясын күчөтүү боюнча башка күчтөр менен жолугат деген кептер да айтылууда. Ошол эле учурда Карамушкина менен Мискенбаев 17-январдагы митингдин башында да турганы жатыптыр. Тынч жаткан элди козутуп, туруктуулукка коркунуч жаткан мындай адамдарга укук коргоо органдары тез арада чара көрүшү зарыл. Элге тынчтык керек.

Количество просмотров: 39