• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Каратаев кайра келди. Саламаттык сактоодогу кадрдык жүрүштөр.

21 Кулжа 2018 16:58 Бишкек Govori.TV

 Бишкек.  21. 06. 2018. Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Амангелди Мурзалиев менен Олег Горин кызматтарынан алынды. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматы тастыктады.

Анда белгилүү болгондой, кызматтан кеткендердин ордуна мурда ушул кызматта иштеп кеткен Мадемин Каратаев жана Эркин Чечейбаевдер дайындалып, аларды Өкмөттүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бекжан Супаналиев жамаат менен тааныштырган.

Эске сала кетсек, Саламататтык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин Курманбек Бакиевдин учурунда кызматтык шалаакылыгы үчүн кылмыш иши ачылган. Кийин ал иш жабылып, аткаминер ордуна кайтып келгенде саламаттык сактоо тармагындагы бир топ уюмдар аны коррупцияга айыптап, иштешүүнү токтотушканы да маалым.

 

Количество просмотров: 2