• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Карим Ханжеза ЖК төрагасынын орун басарлыгынан кетти. Анын ордуна талапкер сунушталды

19 Бирдин айы 202616:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Карим Ханжеза өз ыктыяры менен кызматын тапшырып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Ал төраганын орун басары болуп 2025-жылдын 17-декабрында шайланган.

Жыйында депутат Рысбек Атажанов Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов (№22 округ) «Мекенчил» депутаттык тобуна кошулганын жар салып, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагасыныны орун басары кызматына сунуштады.

Количество просмотров: 407